БАЙЛАНЫШ ТҮЙҮНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙЛАНЫШ ТҮЙҮНҮ — байланышты камсыз кылуучу негизги пунктта жайгашгырылган ар кандай байланыш каражатынын комплекси. Ал бир аймактагы калкты, ишканаларды, мекеме­лерди, уюмдарды радио уктуруу, почта, телефон ж-а телеграф байланыштары б-ча тейлеп, гезит­журнал, пенсия таркатуу иштерин аткарат. Шаар аралык телефон ж-а телеграф байланыштарын жүргүзүү үчүн айрым шаарларда транзит байланыш түйүнү курулат. Аскер Б. т. радио түйүнүнөн, телеграф ж-а телефон станциясынан, кабар жый­ноо ж-а билдирүү пунктунан, байланыш самолё- тунан, вертолётунан ж. б. турат. Аскер Б. т. ту­руктуу ж-а убактылуу болуп бөлүнүп, убакты­луу Б. т. командалык, байкоо жүргүзүлүүчү ж-а тылдагы башкаруу орундарында түзүлөт.