БАЙЛАНЫШ ЭНЕРГИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙЛАНЫШ ЭНЕРГИЯСЫ - элементардык бөлүкчөлөр системасын байланыштыруучу энергия м-н ошол бөлүкчөлөрдүн эркин абалындагы энергия суммасынын ортосундагы айырма. Ал энергия ядрону айрым нуклондорго ажыратуучу энергияга барабар. Б. э. ядронун туруктуулугун мүнөздөйт. Туруктуу системанын байланышы терс ж-а абс. чоңдугу канчалык жогору болсо, система ошончолук бышык болот. Мис., атом ядросу үчүн Б. э. ядродогу нуклондордун күчтүү аракети м-н аныкталат. Эйнштейн катышына ылайык масса дефектисине пропорциялуу: Дт/ДЕ=Дтс2. Атом ядросундагы нуклондор (протон ж-а нейтрондор) кармап туруучу Б. э. миллиондогон эВ м-н ченелет. Өтө туруктуу ядронун Б. э. 8 .106 эВ/нуклонго (сыйымдуу Б. э.) барабар. Бул энергия жеңил ядролордун оор ядрого кошулушунда, о. эле оор ядронун тез ажырашында бөлүнүшү мүмкүн. Мында сыйымдуу Б. э-нын төмөндөшү атомдук номердин өсүшү м-н түшүндүрүлөт, к. Радиоактивдүүлүк.