БАЙРОН: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙРОН Жорж Ноэл Гордон (22. 1. 1788, Лондон - 19. 4. 1824, Миссолунги, Грекия) - англия акыны, романтизмдин көрүнүктүү өкүлү. Кембриж ун-тин бүтүргөн (1808). Б. «Чайльд Гарольддун сапары» (1812-18), «Дон Жуан» деген поэмаларында өз заманынын маанилүү маселелерин козгоп, алдыңкы идеяларын даңазалаган. «Гяур» (1813), «Корсар» (1814), «Лара»

(1814) аттуу поэмаларында 19-кдын башындагы коомдон безген, деспотизмге каршы чыккан, бийликке башийбеген бунтчул ж-а индивидуалист каармандардын образын түзгөн. Ал азаттык идеясына жан-дили м-н берилип, ага бүт өмүрүн, поэзиясын арнаган. Анын «Ман-фред» драмалык поэмасы (1817), «Каин» мистериясы, «Коло кылым» сатиралык поэмасы (1823) белгилүү. Б-дун «Шильондун туткуну» поэмасы ж-а бир канча ыры кыргыз тилине которулган.