БАЙТИК ЧОПО КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙТИК ЧОПО КЕНИ Чүй обл-нун Сокулук р-нунда, Орок кыш-нан 500 м түш.-чыгышта. Басбөлтөк дөңсөөсүнүн түш.-батыш капталында. 1954-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кендин аймагын антропоген мезгилинин борпоң чөкмөтектери түзөт. Чопо катмары делювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон дөңсөөдө жайгашып, лёсс сымал күлботодон турат. Боз, саргыч боз түстө. Тыгыз, чанда бирин-серин шагыл бүртүкчөлөрү, гипс линзалары кездешет. Калыңдыгы 0,8 - 21,0 м. Гранулометриялык курамы: 0,005 мм - 9,6% ; 0,005 - 0,01 мм - 41,5%; 0,01 - 0,25 мм - 42,7%; 0,25 мм - 2,05%; 0,5 - 1,0 мм - 1,2%; 1,2 мм - 3,0%. Чоподон «75» ж-а «100» маркасындагы кирпич жасалат. Запасы А+В+С1 категориялары б-ча 5607 миң м3. Казылып алынууда.