БАЙТӨБӨТОВ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙТӨБӨТОВ Дүйшөнбек (5. 1. 1949-ж. т., Чүй обл., Кант р-ну, Үчемчек айылы) - артист, КР-дин эл арт. (1988). 1972-ж. Москвадагы А. В. Луначарский атн. театр ин-тунун актёрдук ф-тин бүтүргөн. 1972-89-ж. Ош кыргыз драма театрында, 1989-91-ж. Республикалык жаштар ж-а балдар театрында, 1991-жылдан Кыргыз мамл. драма театрында иштейт. Б. дүйнөлүк орус ж-а кыргыз драматургдарынын белгилүү спектаклдеринде башкы каармандардын кулк-мүнөзүн ачып,

элестүү ж-а таасирлүү образдарды жаратты. Аткарган негизги ролдору: Курманбек (К. Жантешев, «Курманбек»), Танабай, Мамбет, Орган (Ч. Айтматов, «Жаныбарым, Гүлсары», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Деңиз бойлоп жорткон ала дебет»), Акылбек (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Кожожаш (М. Байжиев, «Байыркы жомок»), Фамусов (А. Грибоедов, «Акылдан азап»), Асан (М. Ауэзов, «Каракөз»), Отелло (У. Шекспир, «Отелло»), Төштүк (Ж. Садыков, «Эр Төштүк»), Ажыбай, Көбөш (Ж. Садыков, «Айкел Манас», «Манастын уулу Семетей») ж. б. Б. кинодо да бир катар образдарды түзгөн: Ильяс (И. Поплавская, «Мен - Тяньшань»), Түлкүбек (Г. Базаров,

«Каныбек»), Базарбай (Д. Садырбаев, «Акбаранын көз жашы»), Токтогул (Г. Н. Николаенко, «Кербез»), Сабыр (А. Сүйүндүков, «Кошокчу») ж. б.