БАЙТУРСУНОВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙТУРСУНОВ Насыр (17. 11. 1915, Нарын обл., Жумгал р-ну, Көкөмерен кыш. - 11. 5. 1995, ошол эле жер) - Даңк орденинин толук кавалери. Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин мектепте мугалим болуп иштеген. 1943-ж. Сов. Армиянын катарына чакырылып, Брянскиде, 1- ж-а 2-Белоруссия фронтторунда салгылашкан. Друть ж-а Березина д-ларын кечип өтүүдөгү эрдиги үчүн 3-даражадагы (1944), Висла д-ндагы душмандын коргонуусун

бузуп өтүүдө полкко жол ачкандыгы үчүн 2-даражадагы (1945), Швенов кыш-н бошотуудагы баатырдыгы үчүн 1-даражадагы (1945) Даңк ордендерине татыктуу болгон. О. эле Кызыл Жылдыз ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.