«БАЙЧЕЧЕКЕЙ»: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
«БАЙЧЕЧЕКЕЙ» - балабакча ж-а башталгыч класс курагындагы балдарга арналган, түстүү сүрөттүү, адабий-көркөм журнал. 1977-жылдын январынан баштап чыгууда. Башкы редактору - акын Т. Самудинов. Максаты - бөбөктөрдү мектепке даярдоочу ж-а баштооч мектеп программасын толуктоочу материалдарды жарыялоо м-н жеткинчектин таанып-билүү жөндөмүн арттырууга ж-а эне тилинин байлыгын, көркөм касиетин өздөштүрүүгө көмөктөшүү. Негизги рубрикалары: «Ата журтуң - алтын уяң», «Кел, чогулуп окуйлу!», «Сабактан кийинки сабак», «Табиятты сүй, үйрөн, кастарла!», «Эмне үчүн минтип айтабыз?», «Куйма кулак балдарга», «Тууган жердин аттары», «Адептүүлүктүн алиппеси», «Сөз оюндар». Испаниялык «Асіиаіійай» журналынын эл аралык сыйл. м-н сыйланган (2003).