БАЙЧЕЧЕКЕЙЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙЧЕЧЕКЕЙЛЕР (Капипсиіасеае) - өсүмдүк­төрдүн эки үлүшгүүлөр классындагы тукуму; бир же көп жылдык чөп, кээде бадал, жарым ба­дал, лиана. Сабагы түз өсөт, кээде түп жагы жан- см ге жетет, түктүү же тайыңкы, бийикт. 20-150

түксүз, бутактуу же бутаксыз. Жалбырак­тары кезектешип жайгашкан, формасы ар түрдүү, жээги те­гиз, көпчүлүгү манжа­дай бир, эки ирет тил­келүү, негизинен алар тамыр моюнчасына топтолгон. Топгүлү калемчедей, жаача­дай, шыпыргыдай, көп учурда жалгыз­дан. Гүлдөрү эки жы­ныстуу, адатта беш желекчелүү, түркүн түстүү. Аталыгы көп. үстүнкү энеликтүү, бир же көп мөмө жалбырак­чадан турат. Мөмөсү - бир же көп уруктуу жаң­гакча. Жер жүзүндө 1500дөн ашуун түрү негизинен мээлүүн алкактарда таралган. Кырг-нда Б-дин 22 уруусу, 110дой түрү өрөөндөн тартып мөңгү этегине чейин таралган. Көпчүлүк түрүндө алкалоиддер, глюкозиддер бар, айрымдары уулуу (уукоргошун, уубайчечекей). Медицинада (уукоргошун, тармалчөп, адонис), элдик медицинада колдонулат. Кээ бир түрлөрү кооз (бүргүн, троллиус, байчечекей, чымылдык) болгондук­тан, гүлзарларда өстүрүүгө болот. К. Т. Тургунбаев.