БАЙЫМБЕТОВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙЫМБЕТОВ Мамади (15. 5. 1927-ж. т., Ош обл., Каракулжа р-ну) - педагог, КРдин эл мугалими (2001). Ош мамл. пед. ин-тун бүтүргөн. Билим берүү системасында 50 жылдан ашык эмгектенип, а. и. 39 жыл мектеп жетекчиси бол

гон. Ал мугалимдик ишаракеттин устаты катары «Кол эмгек сабагы», «Пионердик үч баскыч», «Сегиз жылдык мектеп», «Милдеттүү орто билим алуу», «Даярдоо классы», «Үйбүлө жана адеп сабагы», «Адеп сабагы», «Пилоттук мектеп» ж. б. жаңы башталмаларды мектепте калыптандырууда башка мектептерге насаатчы катары таанылган. Б. кыргыз тили ж-а ад-тын окутуу, элдик педагогиканын методдору б-ча 40тан ашуун ил. макалаларын жарыялаган. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.