БАЙЫРКЫ ГРЕК ИДИШТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙЫРКЫ ГРЕК ИДИШТЕРИ - антика жасал­га-колдонмо көркөм өнөрүнүн мыкты үлгүлөрү. Негизинен турмуш-тиричиликке ылайык керамикадан же металлдан жасалган (коло, күмүш, алтын) ж-а мармар (лекиф) Б. г. и. пластика-


Орвьетодон кратер. Афина, Геракл ж-а аргонавттар. Б. з. ч. 430-жылдар чен.

лык формалары ж-а сыпайы, кооз жасалгасы м-н айырмаланат. Көркөм кооздолуп, сүрөт тартылган карапа (керамика) идиштери кеңири тараган. Алгач Б. г. и. колго, кийин карапа калыпка салынып жасалган, кээ бирлери штамп­талып, рельефтик жасалгасы болгон. Алар формасы ж-а спецификалык функциялары б-ча сал­ттуу түрдө 4кө бөлүнөт: 1) шарап сактоочу, муз­датуучу идиштер (амфора, кратер, пелика, псик­тер, стамнос); 2) сузуп алуучу ж-а куюучу идиштер (гидрия, киаф, ойнохоя); 3) бир нерсе ичүү үчүн (канфар, килик, ритон, скифос) ж-а өзгөчө топтогу идиштер; 4) ар кандай максаттарда - культтук, парфюмериялык (альбастр, арибалл, аскос, лебес, лекиф, лутрофор, пиксида) идиштер. Б. г. и. көбүнчө кооздолуп жасалган ж-а рельефтик жасалга көбүнчө идиштин тулкусу­нун жогорку бөлүгү м-н ийин тарабында болот. Ал эми тулкусу жапыз вазаларда ж-а өйдөнү көздөй кеңейип кеткен киликтерде жасалга түбүндө же капталдарында жайгашкан. Ваза жасоонун эң алгачкы этаптарында идиштин жогорку жагы кооздоп жазылган.