БАЙЫРКЫ ТОО КЕН-МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙЫРКЫ ТООКЕН-МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ К ы р г ы з с т а н д а г ы. Кен казып алуу, металл эритүү ж-а тиричиликке керектүү буюм­дарды жасоону өзүнө камтыган металл өндүрүшү байыркы мезгилден эле чарбанын негизги тар­магынын бирине айланган. Металл өндүрүшү коомдук мамилеге да таасирин тийгизет. Металл өндүрүшүнүн калыптанышы ж-а өнүгүшү ар кайсы аймакта жашаган уруулардын байланышын кеңейтип, товар алмашууга кеңири мүмкүнчү­лүктөрдү түзгөн. Окумуштуулардын пикири б-ча Кырг-нда тоокен өндүрүшү мустье доору­нан башталган. Байыркы адамдар таштын са­паттуу тектерин атайын издеп таап, курал жа­сашкан. Керектүү таш теги жайгашкан жерде байыркы адамдардын таш курал жасай турган жайы - устаканалары орун алган. Мындай ус­таканалар Түш. Кырг-ндын Капчыгай, Юрташ­сай деген жерлеринен табылган. Бир тектүү, курч миздүү, курал жасаганга ылайыктуу таш теги байыркы адамдар тарабынан миңдеген жылдар бою пайдаланылган. Таш куралдарынан соң адамдар алгач жезди пайдаланышкан. Кенден жезди бөлүп алуу б. з. ч. 8-6-миң, күмүш ж-а коргошунду колдонуу 7-6-миң, алтынды пай­далануу б. з. ч. 5-миң, колону колдонуу б. з. ч. 4-миң жылдыктарга туура келет. Байыркы адамдар жез м-н калайдын куймасынан колону алышкан. Коло доорунда металл өндүрүп, ан­дан калыпка куюу жолу м-н сапаттуу эмгек ку­ралдарын жасашкан. Коло буюмдар чарбачы­лыкта, үй-тиричилигинде, согуш ишинде кеңири колдонулган. Чүй өрөөнүндө, Ысыккөлдүн чыгышында, Кочкор өрөөнүндө табылган коло буюмдарынын кенчтери коло доорунда металл иштетүүнүн өзгөчө ыкмалары болгондугун да­лилдеген. Мындай археол. өзгөчөлүк «Жетисуу металл иштетүү очогу» деп аталган. Чуст мад­тында коло күзгү, орок куя турган таш калып­тар ж-а курамына калай, мышьяк кошулган жез, коло буюмдары табылган. Кырг-нда ба­йыркы мезгилден эле калай өндүрүү болгондугун Сарыжаздагы Атжайлоо, Жыланды деген жерлерден табылган эстеликтер ырастайт. Ба­йыркы мезгилден кен байлыкты кеңири иштет­кен жерлер Талас өрөөнүндө да көп ачылган. Коло доорунда коргошун өндүрүлгөн. Таштөбө көрүстөнүнөн табылган алтын жерг. алтынга окшош болгон. Эрте темир доорунда Кырг-нда­гы тоокен байлыктарын казуу кыйла өздөштү­рүлгөн. Археол. маалыматтар темир, күмүш, алтын, коргошун, калай, сымап, цинк, туз кенде­ри иштетилгендиги ж-дө даректүү кабарларды берет. 9-10-к-дагы кытай жазма булактарында кыргыздарда алтын, темир, калай болгондугу баяндалган. Алардан сапаттуу куралдар жаса­лып, түрктөргө сатышкан. 10-12-к-га таандык темир иштеткен көлөмдүү комплекс Балыкчы ш-на жакын жердеги Сарыбулуң жергесинде жайгашкан. Темирдин көп өлчөмдө иштети­лиши Жумгал жергесиндеги о. кылымдарга таандык Түгөлсай шаарчасынан баамдоого болот. Талас өрөөнүндөгү Киров суусактагычы турган жердеги Садыркоргон шаар калдыгынан 9- 12-к-га тиешелүү 70тен ашуун кен казган жер­лердин орду табылган. Бул жерде биринчи ке­зекте күмүш казылып алынган. Кырг-нда металл өндүрүшүнө байланыштуу жер-суу аталыштары арбын кезде шет.

Ад.: История Киргизской ССР с древнейших времён. Ф., 1984. Т. I. К. Табалдиев.