БАЙЫРКЫ ТҮРК ТИЛДЕРИ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙЫРКЫ ТҮРК ТИЛДЕРИ - Азиядагы көптөгөн түрк элдеринин тили. Б. т. т-н мүнөздөгөн жазма эстеликтер Орхон, Енисей д-нын боюнда, Кырг-нда Кочкор, Талас өрөөндөрүндө сакталып калган. Бул тилдердин өзгөчөлүктөрү катары сөз башында: б-м, м-б, э-и, ш-с, с-ш, б-п, сөз ортосунда же аягында: р-й, й-з, р-т, з-с тыбыштарынын шайкеш келүүсү мүнөздүү болгон. Мис., бен-мен, биң-миң, баңа-мага, бешбис - беш, таб-тап, ыд-ыт - жибер, бедиз-бедис - кооз, көркөм ж. б. у. с. Грамматикасында да азыркы тилдерге салыштырмалуу жөндөмө мүчөлөрдө айырмачылыктар болгон. Мис., сиз+е-сизге, бар+мыш-барган, күмүш+игкүмүштү, кызым+ын - кызымды ж. б. у. с. Б. т. т-не 6-9-к-га тиешелүү байыркы уйгур жазма эстеликтери, 10-13-к-дагы манихей-уйгур, будда-уйгур ж-а Караханиддер доорундагы араб тамгасындагы түрк жазма эстеликтери кирет. Фонет., граммат. ж-а лексикалык өзгөчөлүктөр негизинен азыркы түрк тилдеринде сакталган. Азыркы түрк тилдеринин Б. т. т-нен обочолоно башташы узак мезгилдин натыйжасы катары кабыл алынат. Аларда окшош ж-а жакындык белгилердин сакталышы азыркы түрк тилдеринде да бирдей эмес. Мис., Б. т. т-нде үндүүлөрдүн ээрчишүүсү кыргыз, алтай, хакас, тыва тилдериндегидей болсо, огуз тобундагы түрк тилдеринде атоочтуктун -мыш, -миш формалары башка түрк тилдеринде -ган, -ген формалары м-н берилген. С. Сыдыков.