БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙЫРКЫ ЧУСТ МЕТАЛЛ ӨНДҮРҮШҮ . - Фергана өрөөнүндө кен-байлыктардын молдугу металл өндүрүү ж-а андан буюмдарды жасоонун жогорку деңгээлде өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түз-
гөн. Фергананын Тентексай, Капыррават, Төө­моюн деген жерлеринен жез алынган. Болжо­лу, Чуст тургундары Чаткал тоо кыркасынын түш. этегинен, Гава д-нын өрөөнүнөн жезди казып алышкан. Өзгөчө Фергана тоо кыркасында калай кенинин болушу металл өндүрүүгө жак­шы шарт түзгөн. Чуст ж-а Дальверзин эстелик­теринен металл өндүрүүнүн кыйла деңгээлин чагылдырган металл уюткулары, шлак, татаал түзүлүштөгү кооздуктарды куюш үчүн даярдал­ган таш калып табылган. Чуст мад-тына таан­дык металл буюмдарынын көпчүлүгү колодон куюлган. О. эле калай, мышьяк кошулган буюм­дар да кездешет. Фергана өрөөнүндө колого коргошун, висмут, сурьма кошулуп даярдалган буюмдардын болушу мүнөздүү. Колодон эмгек шаймандары (орок, көзөөч, бычак ж.б.), согуш­тук куралдар (найзанын башы, жаанын жебе­си), ат жабдыктар (ооздук ж-а анын төңөлүгү), кооздук ж-а тиричилик буюмдары (күзгү, шуру, асынып жүрүүчү кооздуктар) жасалган. Ошол эле учурда жерди иштетүү үчүн колдонулуучу таш кетмендер, орок сымал таш бычактар, жар­гылчактар, кенташты (руданы) майдалоо үчүн пайдаланылуучу таш балкалар кездешкен, о.эле металл буюмдарды куюш үчүн чегип даярдалган калыптар, чопо идиштердин бетин жылма­лоочу таштар, металл курчутуучу бүлөөлөр, чок­мордун башы катары колдонулуучу таштар табылган. К. Табалдиев.