БАКАЕВ Анарбек Курамаевич: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКАЕВ 1 Анарбек Курамаевич (27. 4. 1950, Чүй обл., Кемин р-ну, Актүз шаарчасы - 7.1.1998, Бишкек) - генерал-лейтенант (1995). Философия илимд. кандидаты. 1972-ж. Казак мамл. ун-тин бүткөн. 1972-74-ж. КММИнин философия кафедрасында окутуучу, 1977-81-ж. Кыргыз ССР

ИАнын аспирантурасын бүтүрүп, Философия ж-а укук ин-тунда ил. кызматкер, окумуштуу-секретарь, 1981-85-ж. Кырг-н КП Фрунзе шааркомунда инструктор, бөлүм башчысынын орунбасары, бөлүм башчы, 1985-88-ж. Кырг-н КП БК- нын аппаратында инспектор, бөлүм башчысынын 1- орунбасары, 1988-91-ж. КПСС БКнын (Москва) аппаратында эмгектенген. 1991-ж. КРдин Элге билим берүү министри, 1991-95-ж. КРдин Мамл. коопсуздук к-тинин төрагасы, 1995-96-ж. КРдин Мамл. улуттук коопсуздук к-тинин төрагасы, 1996- 97-ж. КРдин Улуттук коопсуздук министри болуп иштеген. Даңк медалы м-н сыйланган.