БАКАЛАР: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКАЛАР (Капігіае) - жерде-сууда жашоочулардын куйруксуздар тукуму. Уз. 3-20, кээде 32 см ге жетет. Тиштери үстүнкү жаагында жайгашкан. Денеси субагай, арткы буттары узун, секирүүгө ыңгайлашкан. Б-дын 8 тукумчасынын 46 уруусу, 555 түрү Түш. Америка, Түш. Австралия ж-а Жаңы Зеландиядан башка бардык жерде кеңири таралган. Эң көп кезигүүчү кадимки баканын Капа тукумчасы 200дөй түрдү камтыйт, а. и. эң чоң голиафа (уз. 32 см, салм. 3 кг) ж-а

өгүзбака (уз. 20 см ге, салм. 600 г га жетет). Булардын арткы бутунун манжалары сүзгүч жаргакча м-н бириккен, тилинин учу тилик болуп, жемин илип алууга ыңгайланган. Кургакта ж-а сууда жашоочу түрлөрү бар. Көл бакасы Европа, Кавказ, Казакстан, О. Азияда жолугат. Кургакта жашоочу Б. күрөң, сууда жашоочулар жашыл түстө. Айрымдары көлмөгө жакын нымдуу жерде жашап, сууга көбөйүү үчүн гана барат. Негизинен учуп жүрүүчү курт-кумурскалар, майда омурткасыздар м-н азыктанат. Б-дын айрымдары көлмөдө, кээ бири кургакта кыштайт. Сууда гана көбөйөт, ургаачысы 500дөн 11 миңге чейин жумуртка тууйт. Көнөкбашы 2 жылда жетилет. Айрым түрү көп өлкөлөрдө тамак катары пайдаланылат. Кырг-нда 3 түрү кездешет. Лабор. изилдөөлөрдө пайдаланылат.