БАКВАНГА: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКВАНГА , М б у ж и - М а й и - Конгодогу алмаздуу аймак; Касаи провинциясында, алмаз казып алуу б-ча дүйнөдөгү ири кендерден. 2004-ж. 980 млн кар алмаз өндүрүлгөн, калган запасы 500 млн кар. Ангола-Конго алмаздуу провинциясына кирет. Түпкү (15 кимберлит түтүгүндө) ж-а чачынды кендерди камтыйт. Чачынды кендер 1916-ж. ачылып, 1917-жылдан, түпкү кендер 1946-жылдан казылат. Чачынды кендер 3 типке бөлүнөт: байыркы палеоген-неогендеги карсттык (тереңдиги 10 м, уз. жүздөгөн мге жетет, алмаздуулугу 1000 кар/т), азыркы аллювий (алмаздуу жумуру таштуу катмардын уз. 2 км ге чейин, орт. калыңдыгы 0,75 м, алмаздуулугу 4-8 кар / м3) ж-а делювий-карсттык (уз. жүздөгөн м, калыңдыгы 5-7 м, алмаздуулугу 1015 кар / м3). Сапаты начар; зергерлик сорту 34% , субзергерлиги - 20% , калганы - тех. Көпчүлүк таштары күңүрт, боз, күрөңүрөөк түстө; кабыкчадагы алмаз ж-а кристаллдар басымдуу; орт. массасы 0,02-0,03 кар, ирилери - 44 кар чейин.