БАКИНОВА: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКИНОВА Гүлжамал (12. 3. 1917, Нарын обл., Жумгал р-ну, Чаек айылы - 21. 6. 2001, Бишкек) - тилчи, алгачкы диалектолог, филология илимд. кандидаты (1954).Мугалимдик кызматта жүрүп, Фрунзедеги жумушчу ф-тин (РАБФАК), кийин пед. окуу жайын (1939), Кыргыз мамл. пед. ин-тун бүтүргөн (1942-44). Пржевальскидеги Киров атн. орто мектепте мугалим (194142), СССР ИАнын Кырг-ндагы филиалынын (КирФАН) Тил, адабият ж-а тарых ин-тунда улук ил. кызматкер (1949), 1956-жылдан сектор башчы. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда жашаган кыргыздардын тилинин жерг. өзгөчөлүктөрүн изилдеп, бай материал топтогон. 2- класс үчүн окуу китеби (авторлош), «Эне тили» окуу китеби жарык көргөн (1950). Белгилүү эмгектери: «Кыргыз тилинин Октябрь районунун говору» (1952), «Ысыккөл говорлорунун материалдарынан» (1955), «Кыргыз тилинин Ош говору» (1956), «Кыргыз тилинин Жалал-Абад областынын говорлору» (1958), «Кыргыз тилинин Чүй говору» (1959), «Өзбекстандагы кыргыздардын тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүктөр» (1962), «Диалектологиялык материалдарды жыйноо боюнча справочник» (1963). Б. «Кыргыз тилинин диалектологиялык атласын» түзгөн.