БАК-ПАРК ИСКУССТВОСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАК-ПАРК ИСКУССТВОСУ - жашылдандырыл­ган аймактарды түзүү жумушу. Ал бак, парк ж. б-ды пландоону, өсүмдүктөрдү климатка ж-а топуракка жараша тандоону, жолдор, кэл-

Эркиндик бульва­ры - бак-шактуу көчө.

мөлөр, скульпту­ра ж. б. м-н ай­калышта жай­гаштырууну ж-а топтоону ичине камтыйт. Парк­тын негизги түр­лөрү: тектирлүү (тепкичтүү ж-а

каскаддуу участкалары түрдүү деңгээлде жайга­шат), регулярдуу «француздук» (геомет. туура формадагы боскеттер, партерлер, көлмөлөр ж-а аллеялардан турат), пейзаждык «англистик» (көкжайык аянттар, ийри-буйру жалгызаяк жолдор, суулар, көлмөлөрдөн турган табигый ландшафт сымал композициялар), миниатюралык бактар (б. римдик перистилдеги короолор­догу исп.-мавританиялык типтеги бактар; япон бактары - суу, өсүмдүк, таштан турган символ­дуу композициялар). Б.-п. и-нун 20-к-дагы максаты - туракжайды жаратылышка жакында­туу. Бишкектеги Каражыгач багы, Достук паркы, Жаш Гвардия, Эркиндик бульварлары ма­даний ж-а эстетикалык талаптарга жооп берет.