БАКТЕРЕК ГИПС КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКТЕРЕК ГИПС КЕНИ Нарын обл-нда, Куланак кыш-нан 6-7 км түш.-чыгышта, Бактерек суусунун башында, деңиз деңг. 2000-2552 м бийиктикте. 1959-60-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын неогендин чөкмөтектери түзөт. Алардын арасындагы гипс катмарларынын калыңдыгы 1,5-14,5 м, уз. 5 км ге чейин. Гипсте катмарча ж-а линза сымал (калыңдыгы 0,5 м ге чейин) жаткан акиташтеги, чопо кездешет. Кендеги гипс 93,5%ке чейин. Ак, агыш боз, кызгылтым түстө. 1-сорттогу курулуш гипси алынат. Карьерден ачык казып алууга болот. Запасы А+В+С1 категориялары б-ча 1353 миң т.