БАКТЕРИЯ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКТЕРИЯ ЖЕРСЕМИРТКИЧТЕРИ - өсүмдүккө керек микроорганизмдери бар заттар. Ал топурактагы биохим. процессти күчөтүп, өсүмдүк азыктануусун жакшыртат. Микроорганизмдер өсүмдүктү көп илдеттен сактайт. Өсүмдүктүн азот, фосфор ж. б. микроэлементтер м-н камсыз болушу жакшырат. Б. ж-нен нитрагин, азот бактерини ж-а фосфор бактерини көп пайдаланылат. Нитрагин чанактуу өсүмдүктөргө чачылат. Ал чанактуу өсүмдүктөрдүн тамыр бактериясынан даярдалып, орг. заты көп чөйрөдө көбөйтүлөт. Бир г нитрагинде 70-300 млн тамыр бактериясы болот. Люпин, соя, сераделла, жержаңгак ж. б. өсүмдүктөргө үрөнү м-н бирге, алдынала сууга аралаштырып чаңдатуу, бүркүү м-н колдонулат. Азотбактерин — азотбактерден даярдалган жерсемирткич; орг. заты көп түрдүү топуракта тез өөрчүйт. Стандарт б-ча 1 г азотбактеринде 50 млндон ашык азотбактер клеткасы болот. Ал өсүмдүктүн козугарын илдетинен жабыркашын азайтат. Минерал, азот ж-а
орг. жерсемирткичин толук алмашгырбайт. Фосфорбактерин - курамында микроорганизм споралары (1 г да 8—16 млрд) бар боз түстүү күкүм. Ал фосфорду өсүмдүк оңой сиңирүүчү түргө айландырат. Орг. ж-а минералдык жерсемирткич м-н бирге колдонулса, жакшы натыйжа берет. Б. ж. үрөн м-н кошо гектарына 400-500 г себилет.