БАКУ ОКУЯЛАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАКУ ОКУЯЛАРЫ (1990) - Азербайжан м-н Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабак Автономия облусунун (ТКАО) айланасындагы талаш­тартыштарга байланыштуу келип чыккан улут аралык кагылышуулар. 1987-ж. ТКАОдо ба­сымдуу көпчүлүктү түзгөн армяндардын облус­тун статусун өзгөртүү ж-а Азербайжан ССРинин курамынан чыгуу тууралуу талаптары армян­дар м-н азербайжандардын ортосундагы ти­решүүлөргө алып келип, анын натыйжасында качкындардын массалык агымын пайда кылган. Азербайжандар Тоолуу Карабактан, ал эми Баку ж-а Азербайжандын башка шаарларынан армяндар кетүүгө аргасыз болгон. 1988-ж. 27- 29-февралда Сумгаиттеги армяндар көптөгөн курмандыктарга алып келген массалык талап­тоноо, сабоолорду уюштурушкан. 1989-ж. Азер­байжанда түзүлгөн Азербайжан Элдик фронту (АЭФ) ТКАОну респ-нын курамында калтыруу, азербайжандарды ал жактан чыгарууга ти­йиштүү күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып, өлкөнүн жетекчилигин коррупцияланган ж-а башкарууга жөндөмсүз деп айыптаган. 1990- жылдын башында өкмөттүк имараттардын алдында пикеттер уюштурулуп, жолдорго патрул­дар коюлуп, аскердик гарнизондор блокадага алынган. 13-15-январда Бакуда армяндарды талап-тоноо, сабоо уюштурулган. 17-18-январ­да АЭФтин чакырыгы м-н Азербайжан КП БК-нын имаратынын алдында респ-нын жетек­чилигинин отставкасын талап кылган массалык митинг болуп өткөн. Москвадан келген СССР Жогорку Советинин Союздар Советинин төрагасы Е. М. Примаков, КПСС БКнын секре­тары А. Н. Гиренко, СССР Министрлер Советинин төрагасынын орунбасары В. X. Догужиев­дер өлкөдөгү абалдын оордугун билдиришкен соң, 19-январда СССР Жогорку Советинин чечи­ми м-н респ-да «Өзгөчө кырдаал абалы» жарыя­ланып, аскерлер киргизилген. Шаардын комен­дантынын маалыматтары б-ча 19-20-январда Бакуда 83 киши курман болгон, айрым маалы­маттарда 1800дөн ашык киши дайынсыз жогол­гон. Сов. Армиянын бөлүктөрүнүн жардамы м-н Ички иштер министрлигинин атайын аскерле­ри респ-дагы абалды көзөмөлгө алган. 24-ян­варда Азербайжан КП БКнын Пленумунда БКнын 1-секретарлыгына А. Везировдун орду­на А. Муталибов шайланган. А. Орозов.