БАКШЫ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАКШЫ - 1) өзбек, каракалпак, түркмөн элинде дутар м-н өз ырларын ж-а элдик чыгармаларды аткарган ырчы. Алар музыка өнөрүн өнүктүрүүгө да салым кошкон; 2) түрк элдеринде эмчи-домчу киши. Эркек ж-а аял Б-лар эки башка - Б. ж-а бүбү, же бүбү Б. деп аталышкан. Б-ны эл көзү ачык деп эсептешип, алардын Б-лык кыймыл-аракеттерине зор ишеним м-н мамиле кылышкан. Кыргыздардын ичиндеги Б-лык, көпчүлүк учурда Сибирде жашаган түрк элдеринин, о. эле өзбек, казак, уйгурлардын Б-лыгына окшоп кетет. Ислам дининин тарашы м-н Б-лык биротоло жоголуп кетпестен исламдын суфизм агымынын элементтери м-н аралашып, синкретикалык татаал көрүнүшкө айланган. Б. бир жерде туруктуу жашабастан дубаналык кылган. Башына аккуунун жүнүнөн жасалган күлө же гүлө деп аталган баш кийим, үстүнө ар кандай түстөгү кездемеден иретсиз бычылып, этек, жеңи кенен тигилген чапан сыяктуу узун жабуу кийген. Алкагына темир шакекчелер илинген добулбасын ала жүрүп, добулбас кагып жин-шайтандарды кууган. Б-ны ар кандай ооруларды дарылоодо, төрөттү жеңилдетет (кыйналып, эстен танган аялга, боз үйдү айлана чуркап, добулбасын каккылап, кыйкырып үн салган) деген ишенимде чакырышкан. Калк арасында Б. өтө зор, бирок көзгө көрүнбөгөн күчтөр м-н байланыш түзө алат ж-а алардын жардамы м-н оорулуу адамдарды сакайтат, кырсыкты, жин оорулуулардын жинин, талмалуулардын талмасын, илешкени барлардын илешкенин кубалайт деген терең ишеним болгон. Зикир чалуу учурунда добулбас, камчы, бычак, тили жок коңгуроо, айрым мезгилде комуз, кылкыяк, оозкомуз колдонушкан. Оорулууну көргөндө жиндерин, колдоочуларын чакырып чарк урган, жер-суудагы мазарлардын, олуя-машаяктардын аттарын кыйкырып атаган. Отту чоң жактырып, үстүнөн секирген. Отко орок, бычак салып, кыпкызыл болуп чыкканда тили м-н жалаган, үй-кепелерди тегерене жүгүрүп, малдын үстүнө чыгып, астынан өткөн. Оорулуу кишини ары-бери аттап, аны ургулаган. Эмдөөнүн ыгына карай оорулуунун денесиндеги жамандык жинди кайсы бир жаныбарга же буюмга, малга, канаттууларга, куурчакка «көчүргөн». Б-лар кара жиндүү ж-а ак жиндүү бакшы болуп бөлүнгөн. Бара-бара анын ролу төмөндөгөнү м-н алардын эмчи-домчулук касиети биртопко чейин сакталган. А. Көчкунов.