БАЛАПАНДУУ КУШТАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛАПАНДУУ КУШТАР (кызыл эт балапан­дуу куштар) — жөжөлүү куштардан айырмала­нып жумурткасында сарысы (азык-заты) аз бол­гондуктан, эмбриондук өөрчүү мөөнөтү кыска болгон куштар тобу. Балапаны алсыз, булчуңу начар, сокур, денеси жүнсүз же сейрек тыбыт капталып, дене темп-расы туруксуз болот. Алар көпкө чейин уяда болуп, ата-энелери аларды жылытып, тамак ташып багышат. Буларга калакбуттуулар, көгүчкөндөр, күкүктөр, то­тукуштар, тоңкулдак сымалдар, таранчылар ж. б. кирет. Айрым куштар, мис., үкүлөр, жырт­кыч куштар, жөжөлүү куштар м-н Б. к-дын ортосундагы аралык орунду ээлейт. Алардын балапандары жумурткадан чыкканда эле калың тыбыт м-н капталып, жырткыч куштардын ба­лапандарынын көзү көрөт.