БАЛАСАГУНИ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛАСАГУНИ Жусуп, Й у с у ф Х а с с Х аж и б (болжол м-н 1015/18-1090) - түрк элдеринин ойчулу, акын, мамл. ишмер. Чүй өрөөнүндөгү Баласагун ш-нда туулган. 1069-70-ж. он сегиз айдын ичинде өзүнүн даңазалуу «Кутадгу билиг» - «Кут берчү билим (бийлик)» дастанын жазган ж-а аны Кашкардагы Чыгыш Караханиддер каганы Сулайман Арслан Кара-кагандын уулу Тавгач Буура Кара-каган Абу Хасанга (1056-1103-ж. бийлеген) тартуу кылган. Карахандардын адабий тилинде - «Буура хакандык
түрк тилинде» жазылган бул чыгармасы үчүн ага ордо
иштеринин башчысы - «атайын
хажип» даражасы
ыйгарылган. Көөнөргүс филос.-дидактикалык поэма болгон «Кутадгу билиг» - теңиртоолук түрктөрдүн биздин
күнгө чейин жеткен мусулмандык
рухтагы эң алгачкы ири жазма
адабий, көркөм
чыгармасы (к.
«Кутадгу билиг»).
Б. чыгармасын
болжолу 53-54
жаш курагында
аяктаган. Айрым
маалыматтарда ал

Ж. Баласагунинин эстелиги. Скульптор Т. Садыков. 68 жашында дүйнөдөн кай тып, сөөгү Кашкар ш-нын түндүгүндөгү Тайнап деген жерге коюлгандыгы тууралуу айтылат. Кытайдагы «маданий революция» мезгилинде (20-к-дын 60-жылдары) анын күмбөзү хунвейбиндер тарабынан талкаланган. Кийин ал күмбөз кайрадан калыбына келтирилген.