БАЛ АЧУУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛ АЧУУ , д а л ы а ч у у - койдун далысын, ташты, күзгү ж. б. пайдаланып, боло турган окуяны алдынала көрө билүү ишеними. Тарыхый-этногр. маалыматтарга караганда кара кытайлар (кидандар) жортуулга жөнөрдө ак койдун далысын отко күйгүзгөн. Эгер далы жарылып кетсе жортуулга чыккан, жарылбаса чыккан эмес. Мындай ырым-жырым «Манас» эпосунда да кездешет. Анда кыргыздар далыны
жөн эле карап көрүп, алдыда күтүп турган окуяларды билишкен делет. Б. а. ырым-жырымы чыгыш элдеринде (түрк, монгол, кытай ж-а калмак) кеңири таралган ж-а бөтөнчө өркүндөөгө, магия деңгээлине жеткен. Бүгүнкү күндө да кыргыздарда Б. а-нун бир түрү - 41 таш м-н төлгө салуу ырымы сакталып калган.