БАЛБАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
1 сап: 1 сап:
'''БАЛБАЙ '''Эшкожо уулу, Б а л б а й б а а т ы р [1813, Ысыккөл өрөөнү -1867, Верный, сөөгү Сарыбулак (азыркы Балбай) айылына коюлган] - ''бугу'' уруусунун белек уругундагы токой бутагы­нан чыккан беделдүү манап. Эл арасында ай­тылган маалыматтар б-ча Б. эр жеткенден заманына ылайык, казактардын ''улуу жузунун'' ж-а коңшу кыргыз урууларынын жылкыларын ти­йип алууда жеке билек күчүнүн аркасы м-н өзгөчөлөнүп, ''баатыр'' аталган. ''Ормон хандын'' заманында, анын уруулар арасында мал уур­доого, жылкы тийүүгө тыюу салган мыйзамда­рын бузуп, ''саяк'' уруусунан жылкы тийип ал­гандыгы үчүн, Ормон хан тарабынан алты ай орго салынып жазаланат. 1855-ж. жазында бугу уруусу Ормон хандын бийлигинен баш тартып, ''Боромбай'' м-н бирдикте 1855-ж. Омскиде Россия­нын букаралыгына өтүү ж-дө бугу уруусунун атынан ант кармаган. Ошол мезгилден тартып, бугу м-н сарыбагыш урууларынын ортосунда чыр-чатак күч алып, андагы чабыштардын би­ринде Ормон ханды Б. катуу жарадар кылып, ал ошондон каза тапкан. Ормон хандын өлүмү­нөн кийин эки уруунун чабышы, уруулук согуш­ка айланып, 1855-жылдан 1860-жылга чейин созулган. Бул уруулук согушта Б-дын кадыр­баркы көтөрүлүп, бугу уруусунун саясий турму­шуна жигердүү аралашкан төбөлдөрдүн бирине айланган. Бугу уруусунун башкы манабы ''Боромбай'' Меңмурат уулу каза болгондон кийин (1858), орус өкмөтү тарабынан киргизилген «ага манаптык» бийлик үчүн талашта башында ''Качыбек'' Шераалы уулу турган шапак, меңмурат уулдары бир тарап, аларга каршы башында Мурааталы Бирназар уулу, ''Тилекмат'' Жылкы­айдар уулу турган бирназар уулдары экинчи тарапты түзүп, белек уругунун манаптарынын арасында күрөш курч мүнөздө өткөн. Б. шапак, меңмурат уулдарын колдоп, Бирназар тукумда­рынын таламын талашкан салмаке, шыкмамат ж-а саяк уруктарына каршы куралдуу күч кол­донгонго чейин барган. Бул чабышта саяктар­дан бир киши өлүп, үчөө колго түшөт. Чабыш­тын аягы орус бийликтери тарабынан текше­рилип, токтотулат. Б-ды «ага манап» болуп шайланган (1860) Качыбек Шераалы уулунун кийлигишүүсү м-н орус администрациясы жа­задан куткарат. Көп узабай эле Качыбек Шераа­лынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыш­туу (1862) шапак ж-а меңмурат уулдарынын ортосунда бийлик талашуу башталат. Бул жолку күрөштө Б. жактаган шапак тукуму жеңилип, 1863-ж. меңмурат тукумунан Сарымбек Сасыке уулу «ага манап» болуп шайланат. Сарымбек манап м-н Б-дын ортосундагы мамиле кескин начарлап, Сарымбек Б-ды орус бийликтерине жамандай баштайт. Б. баатыр буга жооп ире­тинде орус-кытай чегара бөлүү учурунда Кытай мамлекетине өтүп, бугу урууларынын эски ко­нушу - Текеске көчүп кетет. Ал жерден орус­тардын бийлигин тааныгысы келбей Текести жайлап жүрүшкөн казак төбөлдөрү Дурали султан, Саурун ж-а Сабатар молдолорго кошулат. Б. баатыр 1864-ж. Чыгыш Түркстандагы кытай бийлигине каршы чыккан дунган-таранчылар­дын козголоңуна катышкан ж-а Текестеги кал­мактарга жортуул уюштуруп, алардын Сүмбөдөгү бутпарастык кечилканасын талкалап, жылкы­сына тийип, айылдарын чапкан. 1867-жылдын май айында орус өкмөтүнүн чалгындоо иште­рин жетектеген, полковник В. А. Полторацкий­дин кошууну Текеске экспедицияга келген. Ал жерден орустардын бийлигине моюн сунбай жүрүшкөн кыргыз-казак айылдары бар экенди­гин угуп, курчоого алган. Натыйжада, кыргыз­казак урууларынын башчылары, а. и. Б. баа
'''БАЛБАЙ ''', С а р ы б у л а к - Ысыккел обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Сарыбулак айыл өкмөтүнө караштуу. Ысыккөл өрөөнүнүн түн.-чы­гышында, Түп булуңунан түндүгүрөөк, Балыкчы - Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1690 ''м'' бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 9 ''км'' түн.-батыш тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 178 ''км''. 1890-ж. отурукташкан. Калкы 2116 (2005); не­гизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, балабакча, медпункт, китепкана, турмуш­тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода борбору бар. Бугу уруусунун белгилүү манабы ''Бал­байдын'' ысымынан аталган. [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  
тыр да каршылык көрсөтүүсүз эле колго түшкөн. Туткундар Верный чебине жеткирилип, камак­ка алынат. Б. 1867-жылдын май айынан сен­тябрга чейин Верный түрмөсүндө жатып, сентябрь айында көз жумган. Туугандары анын сөөгүн бир жылдан кийин Ысыккөл кылаасын­дагы Сарыбулакка (азыркы Балбай айылы) алып келип, жерге биришет. Б. ж-дө К. ''Мали­ковдун «Балбай»'' поэмасы (1940) ж-а Э. ''Турсу­новдун'' «Балбай» тарыхый романы (1992) жа­ралган. ''Р. Жолдошев.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]]  



13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛБАЙ , С а р ы б у л а к - Ысыккел обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Сарыбулак айыл өкмөтүнө караштуу. Ысыккөл өрөөнүнүн түн.-чы­гышында, Түп булуңунан түндүгүрөөк, Балыкчы - Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1690 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 9 км түн.-батыш тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 178 км. 1890-ж. отурукташкан. Калкы 2116 (2005); не­гизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, балабакча, медпункт, китепкана, турмуш­тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода борбору бар. Бугу уруусунун белгилүү манабы Бал­байдын ысымынан аталган.