«БАЛБАЙ»: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
«БАЛБАЙ» - тарыхый поэма. Поэманын баш каарманы - Балбай Эшкожо уулу (1813-1867), бугу уруусунан чыккан элдик баатыр. Ал 19-кдын 50-60-жылдарында бугу м-н сарбагыштын, Чыгыш Түркстандагы цин-манжур эзүүсүнө каршы кармаштарга катышып, дайыма жеңишке жетишкен, кыргыз элинин, а. и. бугу элинин эркиндиги үчүн башын өлүмгө сайган. Жазма даректерге ж-а санжырачылардын айтуусуна караганда 60-жылдын акырына чейинки мезгилдеги кыргыздардын сырткы ж-а ички душмандары м-н эркиндик, тынчтык үчүн болгон күрөштөрүндө Балбай катышпаган окуялар аз. Сегиз ай жанында чаар бараңы, чылк тарамыш
м-н көктөлгөн кандагай шымы, акчопкут, ок өтпөс зоот кийими, түпөктүү сыр найзасы, белинде айбалтасы болгон. Бугунун мүйүзүнөн жасалган ок-дары салгычы, алты кисе октору, кебез милте, куу тинте, оттук таштары дайыма бел курунда жүргөн. Ал жамактатып ыр чыгарган акындыгы да бар адам болгон экен. Балбай тууралуу баяндар, тарыхый маалыматтар КР УИАнын Манастаануу ж-а көркөм мад-ттын улуттук борборунун Колжазмалар фондунда айтуучулар Б. Айтбаев (1926-ж., X. Карасаев жыйнаган, латын арибинде); Жакшылык Сарык уулу (1925-27-ж., Осмонаалы Мамыркан уулу жыйнаган); айтуучусу белгисиз «Балбай, Балбак» (1940-ж., латын арибинде) деген варианттар сакталып турат. Бул темага акын К. Маликов да кайрылып, «Б.» поэмасын 1940-ж. жазган. Поэма Ормон хан Балбай колдуу болуп өлүп, сарбагыш элине кантип кун төлөйбүз деп Боромбай эл башчылары м-н кеңеш куруп жаткан жерден башталат. Эки уруу элдин жаңжалы акылга салынбаган кызуу кандуулук, куру намыстан улам чыккан. Окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, нускасынын (7100) көптүгүнө карабай китеп бат эле сатылып кеткен. 1946-ж. «Звезда», «Ленинград» журналдары ж-дөгү токтом чыккандан кийин, токтомдо белгиленген зыяндуу кемчиликтерди кыргыз совет ад-тынан дагы табуу милдети турган. Адегенде эле «Б.» колго урунган. Токтомдон кийин «Б-ды» сындаган, авторуна ар кандай, а. и. саясий күнөө койгон макалалар, адабий чогулуштарда сүйлөнгөн сөздөр үстү-үстүнө кошула берген. 1952-ж. 15- мартта Кырг-н КП(б) БКнын бюросунда поэмага корутунду чыгарылган. Анда К. Маликовдун «Б.» поэмасында кыргыз элинин өткөн феодалдык турмушу идеалдаштырылган, тарыхый айрым адамдар, алсак Балбай элдик баатыр катары даңазаланган деп белгиленген ж-а поэманы китеп текчесинен алып салууга көрсөтмө берилген. Кандай кысымга алынып, жалган караланган күндө да «Б.» поэмасы бизге 19-к-да болуп өткөн кыргыз тарыхынын орчундуу бир учурун тарыхый окуялардын негизинде таасын бере алгандыгы м-н баалуу. О. эле Э. Турсуновдун «Балбай» (1992), аттуу тарыхый романы бар.
Ад.: Артыкбаев К. Кыргыз адабиятынын тарыхы. Ф., 1990; Маликов К. Балбай. Б., 1991; Турсунов Э. Балбай. Б., 2002. А. Обозканов, Ж. Медералиева.