БАЛБАЙ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛБАЙ ''', | '''БАЛБАЙ '''Эшкожо уулу, Б а л б а й б а а т ы р [1813, Ысыккөл өрөөнү -1867, Верный, сөөгү Сарыбулак (азыркы Балбай) айылына коюлган] - ''бугу'' уруусунун белек уругундагы токой бутагы­нан чыккан беделдүү манап. Эл арасында ай­тылган маалыматтар б-ча Б. эр жеткенден заманына ылайык, казактардын ''улуу жузунун'' ж-а коңшу кыргыз урууларынын жылкыларын ти­йип алууда жеке билек күчүнүн аркасы м-н өзгөчөлөнүп, ''баатыр'' аталган. ''Ормон хандын'' заманында, анын уруулар арасында мал уур­доого, жылкы тийүүгө тыюу салган мыйзамда­рын бузуп, ''саяк'' уруусунан жылкы тийип ал­гандыгы үчүн, Ормон хан тарабынан алты ай орго салынып жазаланат. 1855-ж. жазында бугу уруусу Ормон хандын бийлигинен баш тартып, ''Боромбай'' м-н бирдикте 1855-ж. Омскиде Россия­нын букаралыгына өтүү ж-дө бугу уруусунун атынан ант кармаган. Ошол мезгилден тартып, бугу м-н сарыбагыш урууларынын ортосунда чыр-чатак күч алып, андагы чабыштардын би­ринде Ормон ханды Б. катуу жарадар кылып, ал ошондон каза тапкан. Ормон хандын өлүмү­нөн кийин эки уруунун чабышы, уруулук согуш­ка айланып, 1855-жылдан 1860-жылга чейин созулган. Бул уруулук согушта Б-дын кадыр­баркы көтөрүлүп, бугу уруусунун саясий турму­шуна жигердүү аралашкан төбөлдөрдүн бирине айланган. Бугу уруусунун башкы манабы ''Боромбай'' Меңмурат уулу каза болгондон кийин (1858), орус өкмөтү тарабынан киргизилген «ага манаптык» бийлик үчүн талашта башында ''Качыбек'' Шераалы уулу турган шапак, меңмурат уулдары бир тарап, аларга каршы башында Мурааталы Бирназар уулу, ''Тилекмат'' Жылкы­айдар уулу турган бирназар уулдары экинчи тарапты түзүп, белек уругунун манаптарынын арасында күрөш курч мүнөздө өткөн. Б. шапак, меңмурат уулдарын колдоп, Бирназар тукумда­рынын таламын талашкан салмаке, шыкмамат ж-а саяк уруктарына каршы куралдуу күч кол­донгонго чейин барган. Бул чабышта саяктар­дан бир киши өлүп, үчөө колго түшөт. Чабыш­тын аягы орус бийликтери тарабынан текше­рилип, токтотулат. Б-ды «ага манап» болуп шайланган (1860) Качыбек Шераалы уулунун кийлигишүүсү м-н орус администрациясы жа­задан куткарат. Көп узабай эле Качыбек Шераа­лынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыш­туу (1862) шапак ж-а меңмурат уулдарынын ортосунда бийлик талашуу башталат. Бул жолку күрөштө Б. жактаган шапак тукуму жеңилип, 1863-ж. меңмурат тукумунан Сарымбек Сасыке уулу «ага манап» болуп шайланат. Сарымбек манап м-н Б-дын ортосундагы мамиле кескин начарлап, Сарымбек Б-ды орус бийликтерине жамандай баштайт. Б. баатыр буга жооп ире­тинде орус-кытай чегара бөлүү учурунда Кытай мамлекетине өтүп, бугу урууларынын эски ко­нушу - Текеске көчүп кетет. Ал жерден орус­тардын бийлигин тааныгысы келбей Текести жайлап жүрүшкөн казак төбөлдөрү Дурали султан, Саурун ж-а Сабатар молдолорго кошулат. Б. баатыр 1864-ж. Чыгыш Түркстандагы кытай бийлигине каршы чыккан дунган-таранчылар­дын козголоңуна катышкан ж-а Текестеги кал­мактарга жортуул уюштуруп, алардын Сүмбөдөгү бутпарастык кечилканасын талкалап, жылкы­сына тийип, айылдарын чапкан. 1867-жылдын май айында орус өкмөтүнүн чалгындоо иште­рин жетектеген, полковник В. А. Полторацкий­дин кошууну Текеске экспедицияга келген. Ал жерден орустардын бийлигине моюн сунбай жүрүшкөн кыргыз-казак айылдары бар экенди­гин угуп, курчоого алган. Натыйжада, кыргыз­казак урууларынын башчылары, а. и. Б. баа | ||
тыр да каршылык көрсөтүүсүз эле колго түшкөн. Туткундар Верный чебине жеткирилип, камак­ка алынат. Б. 1867-жылдын май айынан сен­тябрга чейин Верный түрмөсүндө жатып, сентябрь айында көз жумган. Туугандары анын сөөгүн бир жылдан кийин Ысыккөл кылаасын­дагы Сарыбулакка (азыркы Балбай айылы) алып келип, жерге биришет. Б. ж-дө К. ''Мали­ковдун «Балбай»'' поэмасы (1940) ж-а Э. ''Турсу­новдун'' «Балбай» тарыхый романы (1992) жа­ралган. ''Р. Жолдошев.'' [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | |||
07:22, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛБАЙ Эшкожо уулу, Б а л б а й б а а т ы р [1813, Ысыккөл өрөөнү -1867, Верный, сөөгү Сарыбулак (азыркы Балбай) айылына коюлган] - бугу уруусунун белек уругундагы токой бутагынан чыккан беделдүү манап. Эл арасында айтылган маалыматтар б-ча Б. эр жеткенден заманына ылайык, казактардын улуу жузунун ж-а коңшу кыргыз урууларынын жылкыларын тийип алууда жеке билек күчүнүн аркасы м-н өзгөчөлөнүп, баатыр аталган. Ормон хандын заманында, анын уруулар арасында мал уурдоого, жылкы тийүүгө тыюу салган мыйзамдарын бузуп, саяк уруусунан жылкы тийип алгандыгы үчүн, Ормон хан тарабынан алты ай орго салынып жазаланат. 1855-ж. жазында бугу уруусу Ормон хандын бийлигинен баш тартып, Боромбай м-н бирдикте 1855-ж. Омскиде Россиянын букаралыгына өтүү ж-дө бугу уруусунун атынан ант кармаган. Ошол мезгилден тартып, бугу м-н сарыбагыш урууларынын ортосунда чыр-чатак күч алып, андагы чабыштардын биринде Ормон ханды Б. катуу жарадар кылып, ал ошондон каза тапкан. Ормон хандын өлүмүнөн кийин эки уруунун чабышы, уруулук согушка айланып, 1855-жылдан 1860-жылга чейин созулган. Бул уруулук согушта Б-дын кадырбаркы көтөрүлүп, бугу уруусунун саясий турмушуна жигердүү аралашкан төбөлдөрдүн бирине айланган. Бугу уруусунун башкы манабы Боромбай Меңмурат уулу каза болгондон кийин (1858), орус өкмөтү тарабынан киргизилген «ага манаптык» бийлик үчүн талашта башында Качыбек Шераалы уулу турган шапак, меңмурат уулдары бир тарап, аларга каршы башында Мурааталы Бирназар уулу, Тилекмат Жылкыайдар уулу турган бирназар уулдары экинчи тарапты түзүп, белек уругунун манаптарынын арасында күрөш курч мүнөздө өткөн. Б. шапак, меңмурат уулдарын колдоп, Бирназар тукумдарынын таламын талашкан салмаке, шыкмамат ж-а саяк уруктарына каршы куралдуу күч колдонгонго чейин барган. Бул чабышта саяктардан бир киши өлүп, үчөө колго түшөт. Чабыштын аягы орус бийликтери тарабынан текшерилип, токтотулат. Б-ды «ага манап» болуп шайланган (1860) Качыбек Шераалы уулунун кийлигишүүсү м-н орус администрациясы жазадан куткарат. Көп узабай эле Качыбек Шераалынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу (1862) шапак ж-а меңмурат уулдарынын ортосунда бийлик талашуу башталат. Бул жолку күрөштө Б. жактаган шапак тукуму жеңилип, 1863-ж. меңмурат тукумунан Сарымбек Сасыке уулу «ага манап» болуп шайланат. Сарымбек манап м-н Б-дын ортосундагы мамиле кескин начарлап, Сарымбек Б-ды орус бийликтерине жамандай баштайт. Б. баатыр буга жооп иретинде орус-кытай чегара бөлүү учурунда Кытай мамлекетине өтүп, бугу урууларынын эски конушу - Текеске көчүп кетет. Ал жерден орустардын бийлигин тааныгысы келбей Текести жайлап жүрүшкөн казак төбөлдөрү Дурали султан, Саурун ж-а Сабатар молдолорго кошулат. Б. баатыр 1864-ж. Чыгыш Түркстандагы кытай бийлигине каршы чыккан дунган-таранчылардын козголоңуна катышкан ж-а Текестеги калмактарга жортуул уюштуруп, алардын Сүмбөдөгү бутпарастык кечилканасын талкалап, жылкысына тийип, айылдарын чапкан. 1867-жылдын май айында орус өкмөтүнүн чалгындоо иштерин жетектеген, полковник В. А. Полторацкийдин кошууну Текеске экспедицияга келген. Ал жерден орустардын бийлигине моюн сунбай жүрүшкөн кыргыз-казак айылдары бар экендигин угуп, курчоого алган. Натыйжада, кыргызказак урууларынын башчылары, а. и. Б. баа тыр да каршылык көрсөтүүсүз эле колго түшкөн. Туткундар Верный чебине жеткирилип, камакка алынат. Б. 1867-жылдын май айынан сентябрга чейин Верный түрмөсүндө жатып, сентябрь айында көз жумган. Туугандары анын сөөгүн бир жылдан кийин Ысыккөл кылаасындагы Сарыбулакка (азыркы Балбай айылы) алып келип, жерге биришет. Б. ж-дө К. Маликовдун «Балбай» поэмасы (1940) ж-а Э. Турсуновдун «Балбай» тарыхый романы (1992) жаралган. Р. Жолдошев.