БАЛБАЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛБАЙ , С а р ы б у л а к - Ысыккел обл-нун Түп р-нундагы кыштак. Сарыбулак айыл өкмөтүнө караштуу. Ысыккөл өрөөнүнүн түн.-чыгышында, Түп булуңунан түндүгүрөөк, Балыкчы - Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1690 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 9 км түн.-батыш тарапта. Балыкчы темиржол бекетинен 178 км. 1890-ж. отурукташкан. Калкы 2116 (2005); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, балабакча, медпункт, китепкана, турмуштиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода борбору бар. Бугу уруусунун белгилүү манабы Балбайдын ысымынан аталган.