БАЛБАЛДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛБАЛДАР - көчмен түрк урууларына тие­шелүү жылмаланып иштетилбей эле тигинен ор­нотулган таш мамычалар. Орхон ж-а енисей рун жазууларында «балбал» деп жоокердин согуш талаасында өлтүргөн душманына атап орнотул­ган кой таш айтылат. Б. түшүнүгү ж-а анын жасалыш өзгөчөлүгү таш айкелдерден (к. Ай­кел) кескин айырмаланат. Таш айкелдер ба­йыркы түрк мад-тын чагылдырган иск-во үлгүсү эсептелинип, анда аны жасаган уста каар­мандын тыш келбетин, баш кийимин, кемер ж-а жоо куралы сыяктуу белгилерди ташка чегүүгө аракет жасаган. Б. өлтүрүлгөн душман­га атап коюлгандыктан, ага көркөм шөкөт берүүнүн кажети деле болгон эмес. Ошондуктан байыркы түрктөрдүн журт башчыларына, баа­тыр жоокерге багышталып, адегенде таш айкелдер орнотулуп, андан соң адамдын колу тийбе­ген ж-а көркөмдөлүп ишгетилбеген жумуру таш­тар коюлган. Рун жазууларында, айрыкча кытай жазма булактарында белгиленгендей: «эгер ал бир адам өлтүрсө, анда бир таш коюлат... Айрымдардын мындай таштары жүзгө, кээде миңге жетет». Рун жазма эстеликтеринин эч би­ринде Б. аталышы көркөмдөлүп иштетилген айкел деп берилбейт ж-а аларда айтылган маа­лымат түрмөгүндө Б. деп - кодура, койташ ар­кылуу душмандын образын туюнтуу байкалат. М. Кожобеков.