БАЛДАК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛДАК - 1) мүлүшкөрлөр кыраан кушту ууга алып чыкканда кондуруп жүрүүчү мүйүздөн же жыгачтан жасалган таяныч ача таякча. Б-тын төмөнкү учу көзөлүп, көк м-н ээрдин кашына же ацчынын белиндеги жазы курга тикесинен бекитилет; 2) кылыч, канжар куралдарынын бир тарабы бириктирилген же эки жагы тең ачык кош толтолуу сабы; 3) буту майып адамдар колтугуна такап, басууга ылайыкталган, орто ченинде кармагычы бар, төмөн жагы бириккен, жогору жагы эки ача болуп барып, бир карышча туура жыгачка ашталган таяк; 4) оймо, чийме, саймада колдонулчу бир же эки башы ачакейленген сызыкчалар түшүрүлгөн көчөттөр. Шырдак оюуда, чий чырмоодо, аяккап, табаккап оймолорунда көчөттөрдү байланыштыруучу жерлерде көбүрөөк колдонулат.