БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛАРАЛЫК КҮНҮ балдардын денсоолугун сактоо, согуш коркунучунан ж-а эксплуатациялоодон коргоо, демокр. негизде таалим-тарбия ж-а билим берүүнү жүзөгө ашыруудагы жалпы дүйнөлүк коомчулуктун ой-пикирин ж-а аракетин багыттоо максатын көздөйт. Аялдардын эларалык демокр. федерациясынын 2-конгрессинин чечимине ылайык 1949-ж. Москвада болуп өткөн сессиясында жыл сайын аны 1-июнда белгилөө кабыл алынган ж-а ал биринчи жолу 1950-ж. 51 мамлекетте өткөрүлгөн. Кийин дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө белгилене баштаган. Бүткүл дүйнөлүк демокр. аялдар, жаштар, профсоюздар федерациялары ж. б. уюмдар балдардын укуктарын коргоо, кам көрүү, жашоо шарттарын жакшыртуу ж-а бакчаларды, мектептерди, дарылоо, эсалуу жайларын уюштуруу ж. б. суроо-талаптарды мамлекеттин, жеке менчик уюмдарынын кароосуна коюшат. Мамлекет ж-а коомчулуктун бардык уюмдары тарабынан 1-июнда балдар үчүн ар кандай көңүл ачуулар, конкурс-оюндар, кайрымдуулук акциялары уюштурулат.