БАЛДАРДЫН СПОРТТУК МЕКТЕБИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛДАРДЫН СПОРТТУК МЕКТЕБИ - мектеп жашындагы балдар үчүн денетарбия ж-а спорт системасын уюштуруунун өркүндөтүлгөн формадагы атайын мекемеси. Ал комплекстүү (спорт­тун 2-5 түрү) же спорттун бир гана түрү б-ча адистештирилет. Б. с. м. КРдин Билим берүү министрлигинин системасында ж-а спорттук коомчулуктарда түзүлүп, мектептеги денетарбия­нын милдеттери м-н тыгыз байланыштуу. Аны кеңири жайылтуу жаштарды эмгекке ж-а Ата Мекенди коргоого жарамдуу даярдоого мүмкүн­дүк берет. Спорттун өздүк бөтөнчөлүгүнө ж-а ор­ганизмге тийгизе турган таасирине жараша ар түрдүү курактагы балдарга анын тигил же бул 4-100
түрлөрүнө: 7-8 жаштан баштап сууда сүзүү; 810 жаштан - тоодо лыжа тебүү, стол тенниси, бадминтон, сууга секирүү, шахмат, дойбу; 1011 жаштан керкем гимнастика, трамплинден секирүү, парустук спорт, акробатика, спорттук гимнастика, баскетбол, волейбол, футбол, топ м-н хоккей ойноо; 12-13 жаштан лыжа м-н жа­рышуу, жеңил атлетика; 13-14 жаштан классикалык ж-а эркин күреш; 14 жаштан атыш, бокс; 15-16 жаштан оор атлетика ж. б. катышып, машыгуу сунуш кылынат.