БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛДАР ПСИХОЛОГИЯСЫ - психология или­минин баланын психикасынын өнүгүү мыйзам­ченемдүүлүгүн, ар кандай курактагы балдардын психол. өзгөчөлүктөрүн (фактор, механизмде­рин) изилдөөчү бир тармагы. Окуу-тарбиялоо­нун практикалык маселелерин, пед. психология м-н философиянын теор. маселелерин иштеп чыгууда Б. п-нын мааниси чоң. Атайын изил­дөөлөр 19-к-дын аягында ж-а 20-к-дын башында пайда болгон. Белгилүү психологдор (Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, А. А. Менчинская, П. Я. Гальперин, Д. Б. Эль­конин, А. В. Запорожец ж. б.) баланын психи­касынын өнүгүүсүнө тарыхтын, мад-ттын, ай­лана-чөйрөнүн ж-а иш-аракеттин тийгизген таа­сирин анализдешкен. Б. п-нда ил. эксперимент­тердин коюлушу бул илимдин өнүгүүсүнө өз та­асирин тийгизген. Кырг-нда алгачкы ил. иш­тердин негизги максаты баладагы психикалык өнүгүүнү изилдөөдө жерг. шарттын өзгөчөлүк­төрүн чагылдырууга багытталган. Мектепке че­йинки балдарды тарбиялоонун, окутуунун пси­хол.-пед. принциптери М. Р. Рахимованын «Кыргыз Республикасында мектепке чейинки тарбия­лоо системасынын өнүгүшү» деген эмгегинде ча­гылдырылган. Ил.-эксперименттик, психол. изилдөөлөр С. И. Гершун, Ж. Жоокаев, Н. Н. Палагина, Ж. М. Жумалиева, К. Н. Кененбаева, Ч. А. Шакеева, С. В. Фатеев, А. Ысыкеев, К. Миң­баев, Т. А. Коңурбаев ж.б. психологдордун эм­гектеринде кеңири берилген. Б. п-нын негизги проблемалары Н. Н. Палагина тарабынан ил.- эксперименттик деңгээлде кеңири изилденип, «Мектеп жашына чейинки курактагы балдар­дын оюндары» (1989), «Элес башаты» (1992) сыяктуу эмгектер жарыкка чыккан.