БАЛЕАР АРАЛДАРЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛЕАР АРАЛДАРЫ Жерортолук деңизинин батыш бөлүгүндө. Мальорка, Менорка, Питиуз а. кирет. Испаниянын Балеарес провинциясына карайт. Аянты Питиус а. м-н кошо 5 миң км 2ден ашык. Калкы 830 миң (2004). Адыр-күдүрлүү жапыз тоо (бийикт. 1445 м ге чейин) рельефи басымдуу. Жерортолук деңиздик бадалдар (маквис, гарига) ж-а токой басымдуу. Жүзүм, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы өстүрүлөт. Балык кармалат. Негизги шаары ж-а порту - Пальма-де-Мальорка (Мальорка а-нда). Деңиз климаттык курорттору, эсалуу жайлары бар. Ту ризм өнүккөн.