БАЛКАН ЖАРЫМ АРАЛЫ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛКАН ЖАРЫМ АРАЛЫ Европанын түштүгүндө. Болгария, Албания, Грекиянын көп бөлүгү, Түркиянын европ. бөлүгү ж-а Румыниянын түш. р-ндору, Македония, Босния ж-а Герцеговина, Словения, Сербия ж-а Черногория, Хорватия жайгашкан. Аянты 505 миң км 2дей. Жерортолук деңизге 950 км кирип турат. Адрия, Иония, Эгей, Мрамор, Кара деңиздери м-н чулганат. Батыш жээктери булуң-буйткалуу, тик ж-а аскалуу, чыгышы жапыз, түз. Грекияда Пелопоннес ж-а Халкидики ири ж. а. бар.

Адрия ж-а Эгей деңиздеринин жээктеринде аралдар көп. Аймагынын көбүн анча бийик эмес Динара, Пинд, Серб тайпактоолору, Стара-Планина, Родопи ж. б. тоолор ээлейт. Эң бийик жери 2925 м, (Мусала чокусу). Түздүктөр негизинен жарым аралдын чет-жакаларында (Ортоңку Дунай ж-а Төмөнкү Дунай түздүктөрү), тоо аралык ойдуңдарда (Жогорку Фракия, Фессалия ойдуңдары ж. б.), жээк бойлой жайгашкан. Климаты түндүгүндө ж-а чыгышында мелүүн континенттик, батышы м-н түшгүгүндө субтропиктик жерортолук деңиздик. Динара тайпактоосунун батыш капталына жаан-чачын көп (айрым жылдары Котор бухтасында 5000 мм ге чейин) жаайт. Башкы дарыялары: Дунай, Сага (Б. ж. а-нын түн. чеги), о. эле Марица, Морава. Ири көлдөрү: Скадар, Охрид, Преспа. Батыш ж-а түштүгүндө жерортолук деңиздик бадалдар ж-а токой, түн. ж-а чыгыш тоолорунда жазы ж-а ийне жалбырактуу, жалбырагы күбүлмө бадал токойлору өсөт. Карст процесси өнүккөн. Динара тайпактоосунун айрым жерлеринде өсүмдүктөр өспөйт. Түздүктөрү айдалган. Ири шаарлары: София, Белград, Стамбул, Афины. Б. Мудаева.