БАЛКАР КЕРАМИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛКАР КЕРАМИКАСЫ - б. з. ч. III миң жылдыкта Түн. Кавказда пайда болгон карапачылык колөнөрчүлүгү. Балкар-Дагстандагы Лак айылы көркөм керамиканын байыркы борбору болгон. Уламыш б-ча карапачылык өнөрдүн пири Калькучи Балкар айылынын аялдарын кол станокто ошол жердин топурагынан керамика жасаганга үйрөткөн. Карапачылык м-н шугулдануу бул жерде аялдардын иши болгон. Азыркы Балкарда карапачылык техникасы (карапа жасоочу калып, эшип ийлөө ыкмасы ж-а эски конструкциядагы мештерде бышыруу ж. б.) көп деле өзгөргөн жок. Б. к-на өзгөчө тектоникадагы жука капталдуу ар түрдүү идиштер, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү миңдеген жылдардан бери калыптанган кенен, бышык, узун моюндуу, суу ташуучу «уршалар», жуунуучу, май салуучу, эжигей

туздоочу кумуралар, дан салуучу идиштер, табак, мискей, майда пластика кирет. Карапанын түсү м-н ак ангоб жазуусунун тор саймасынын айкалышы Б. к-нын мүнөздүү белгилеринен болуп эсептелет.