БАЛЛАДА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛЛАДА (фр. Ьаііайе, лат. Ьаііо - бийлей­мин) - түрдүү поэтикалык ж-а муз. жанрлар­дын аталышы. О. кылымда роман элдеринин поэзиясында элдик бий м-н кошо аткарылуучу лирикалык хор ырлары Б. деп аталган. 13-к-да француз, италян профессионал поэзиясында Б. кеңири тараган. 14-15-к-дарда сюжетсиз лирикалык ырлар, о. кылымда Англияда тары­хый, фантастикалык, драмалык мазмундагы элдик сюжеттүү ырлар да Б. делген. Б. сентиментализм , романтизм, неоромантизм учу­рунда поэзиянын барктуу жанрларынан болгон (Р. Бёрнс, С. Т. Колриж, У. Блейк, Р. Киплинг - Англияда; Германияда - Г. Бюргер, Ф. Шиллер, Г. Гейне). 18-к-да Англияда комедиялык Б. - опера чыгармалары да жолугат. 19-к-дагы орус поэзиясында В. А. Жуковский, А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, А. К. Толстой, кийин Н. С. Тихонов, Э. Багрицкий ж. б. акындардын белгилүү Б-лары бар. Музыкада Б. көп учурда баатырдык ж-а баатырдык-эпикалык жанр катары өрчүгөн (мис., С. С. Прокофьевдин «Бел­гисиз бойдон калууну эңсеген бала жөнүндө баллада», А. Бабажаняндын фортепьяно м-н оркестр үчүн жазылган «Баатырдык балладасы» ж. б.). Вокалдык Б. жанры Германияда, Австрияда Ф. Шуберт, Р. Шуман, Й. Брамс ж-а Г. Вольфтун романтикалык чыгармаларында өнүккөн. Фортепьяно үчүн жазылган Б-лар да жолугат. Кыргыз ад-тында Б. тарыхый, фантастикалык окуяларды чагылдырат, адамдардын эрдиги, баатырдыгы да ырдалган (мис., А. То­комбаевдин «28 баатыр» аттуу чыгармасы).