ВАЛЮТА АЛЫП CАТАРЛЫГЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
ВАЛ́ЮТА АЛЫП CАТАРЛЫГЫ – банктардын ж-а фирмалардын валюта рыногунда валюта курсун өзгөртүүдөн пайда табуу максатын көздөгөн ишмердиги; валюта тобокелчилигин атайылап кабыл алуу. В. а. ачык валюта позициясын пайда кылуучу валюта операцияларын жүргүзүү (мис.‚ мөөнөттүү бүтүмдөр ж. б.) же валюта тобокелчилигин камсыздандыруу б-ча валюта операцияларын атайылап бүтүрбөө аркылуу ишке ашырылат. В. а-нын натыйжасы валюта курстарынын өзгөрүш келечегин алыпсатарлар туура баалашына жараша пайдага же чыгымга дуушарлантышы мүмкүн.