БАЛЫКООЗ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛЫКООЗ Кумар уулу (өз аты Бекмурат) (1799, Кетментөбө өрөөнү, Коңурөгүз айылы - 1887, Чүй өрөөнү, Алчалуу айылы. Сөөгү Байтиктин Басбөлтөгүндө) - манасчы, санжырачы, акын. «Манас» эпосун 13-14 жашынан айта баштаган. 20 жашында манасчы, ырчы катары таанылган. Оозеки, жазма маалыматтарга караганда ал ырчылык м-н манасчылык өнөрдү Эсенден, Нооруздан үйрөнгөн. Б. «Манаска» чейинки кыргыз тарыхын, этнографиясын ж-а фольклорун камтыган «Оторкан» эпосунун жаратуучусу ж-а айтуучусу болгон. «Эр Төштүк», «Кан Шырдак», кыпчактардын «Эр Табылды жалгызым», кытайлардын «Кыл муруттуу Кожожаш», «Сен Саринжи, мен Бөкөй» дастандарын өз вариантында айткан. Казак жерин аралай ырдап таанылган каражаак Сокур Калча, Эсенаман, Чоңду, Назар акындар манасчылык м-н ырчылык өнөрдү Б-дон үйрөнүшкөн. Анын айткан «Манасындагы» байыркы замандан бери келе жаткан салттык өзөк окуяларды сактап, жолун жолдоп, чыг-лык үлгүсүн уланткан шакирттери Шапак Рысменде уулу м-н Сагымбай Орозбак уулу болгон. Уулу Найманбай да атасынан үйрөнүп, эл арасына манасчы катары таанылган. Найманбайдын айтуусундагы айрым эпизоддордон (мис., «Манастын жоо кийимдери», «Манастын күмбөзү») Б-дун вариантына таандык үзүндүлөрдү 1923-ж. К. Мифтаков Таластын Кеңкол ж-а Улуутөр жайлоосунда Сулайман Рыскулбек уулунун аткаруусунда жазып алган. Азыр ал КР УИАнын Колжазмалар фондунда сакталып турат. С. Станалиев.