БАЛЫКТАР: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛЫКТАР (Різеез) - сууда жашоочу омурткалуу жаныбарлардын чоң классы. Дене уз. 1 см ден 20 м ге чейин, кээде салм. 1 г дан 12-14 тга жетет. Көкүрөк жуп сүзгүчтөрү курсак ж-а жупсуз жон, куйрук ж-а куйрук астындагы сүзгүч канаттары Б-ды башка омурткалуу жаныбарлардан айырмалап турат. Алар торпедо, цилиндр, жалпак, тасма, тегерек, ай сымал болот. Бири биринен чоңдугу, түсү, формасы, түзүлүшү, физиологиясы м-н айырмаланат. Б-дын түзүлүш өзгөчөлүгү, органдарынын функциясы, суудагы жашоо шартына, экологиясына байланыштуу. Скелети омуртка тутуму, баш ж-а сүзгүч канат сөөктөрүнөн турат. Бакалоорлору, кээ бирлери (кош демалуучулар) кошумча өпкөсү м-н дем алат. Сууда эриген кычкылтек бакалоор желбирекчелеринен өтүп, денеге таралат. Скелети кемирчектүү же сөөктүү, баш мээси жөнөкөй, көрүү, жыт ж-а даам сезүү органдары, жаак аппараты жакшы өөрчүгөн, толкун кыймылдарын каптал сызыктары аркылуу туят. Көпчүлүк Б-дын сүзүү баштыкчалары гидростатикалык, кээде үн чыгаруу кызматын аткарат. Б. кемирчектүү ж-а кылкандуу деп 2 класска ажыратылат. 20 миңден ашык түрү бар. Азыктануусу б-ча планктонофагдар, бентофагдар, фитофагдар, детритофагдар, жырткычтар болуп бөлүнөт. Уругун сууга таштап көбөйөт, кээ бири (көпчүлүк акулалар, гамбузия, аквариум балыктары) тирүү тууйт. Жашоо узактыгы 1-2 жылдан (айрым кыска мөөнөттө жетилүүчүлөрү), 100 жылга чейин (белугалар ж. б.). Алар бийик тоо сууларынан, океандын эң терең жерине чейин кездешет. 2500 түрү бар, алардын 36 түрү Кырг-нда кездешет. Б-дын элчарбасында мааниси чоң, адамга керек белок заттын негизги булагынын бири. Эти, икрасы, майы, сөөгү да өтө баалуу. Кийинки жылдарда промыселдик Б-дын саны азаюуда. Алардын санын калыбына келтирүү максатында мамл. деңгээлде чаралар көрүлүп, мыйзамдар кабыл алынууда. Б-дын 194 түрү ТКЭСтин кызыл китебине катталган. (Сүрөтү 61-бетте). Ад.: Частная ихтиология, 3 изд., М., 1971; Жизнь животных, т. 4, ч. 1; Рыбы, М., 1971.