БАЛЫКЧЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛЫКЧЫ (1954-89-ж. Р ы б а ч ь е, 1989- 92-ж. Ы с ы к к ө л, 1992-жылдан адепки аты Балыкчы кайтарылган) - Ысыккөл обл-ндагы шаар. Ысыккөлдүн батыш жээгинде, деңиз деңг. 1620-1640 м бийиктикте жайгашкан. Республи­канын борбору Бишкек ш-нан 175 км чыгыш тарапта. Калкы 41,3 миң (2005). Шаар Ысыккөлдүн жээгин бойлой 12 км ге созулуп жатат. Климаты континенттик, кургак. Январдын орт. темп-расы -4еС...-6'’С, жайы ысык, июлдун орт. темп-расы 20'С. Жылдык жаан-чачын өтө аз (115 мм) түшүп, кышында кар жатпайт. «Улан» шамалы жылына орто эсеп м-н 20-60 күндөй, айрым жылдары 40-100 күнгө чейин созулуп,
ылдамдыгы 40 м/сек га жетет. Калкы көп улут­туу: кыргыз, орус, украин, казак, уйгур, татар, дуңган, өзбек ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ири ишканалары: «Ысыккөл даназык», «Ал­тындан», «Каухарташ», «Ынтымак», «Калем­гер», «Көгойрок» акционердик коомдору. «Ак­кеме» акционердик коому Кырг-ндагы суу транспорту үчүн кемелерди куруу ж-а оңдоо б-ча жалгыз ишкана. Шаар - автомобиль, темиржол, суу жолдор тоому. Б. аркылуу Бишкек - Нарын - Торугарт, Бишкек - Каракол (Күнгөй ж-а Тескей аркылуу) мамл. маанидеги автомобиль жолдору өтөт. Луговой - Бишкек - Балыкчы темиржолунун аяккы пункту. Нефть базасы иштейт. Ал Ысыккөл, Нарын обл-тарын күпүүчү-майлоочу май м-н камсыз кылат. «Кум­төр Оперейтинг Компани» ишканасын күйүүчү­майлоочу май м-н камсыз кылуучу жаңы нефть базасы курулган. Көл аркылуу оор жүк ташуу кыскарган. Негизинен көлгө зыян келтирбеген жүктөр ташылат. Шаарда ири кампа, базалар да иштейт. Балыкчы социалдык-экон. ин-ту (менчик), тогуз орто, башталгыч, спорт, муз. мектептер, балабакча, үйбүлөлүк тарбиялык борбор, мектепке чейинки пилоттук мекеме, кесиптик-тех. окуу жайы, техникум, коллеж, 13 китепкана, 6 клуб бар. Шаардык оорукана, үйбүлөлүк медицина борбору, тиш поликлиникасы, санитария-эпидемиологиялык станция, 3 үйбүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. К. Кулназарова.