БАЛЫРЛАР: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛЫРЛАР (Аідае) - көбүнчө сууда өсүүчү, хлорофилл ж-а пигменттери бар автотрофтуу, жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөр. Аларда негизги

вегетация органдары (жалбырак, сабак, тамыр) болбойт. Денеси таллом деп аталат. Микроскоп м-н гана көрүнгөн түрлөрү, 40-50 м ге жеткендери да бар. Алар - бир ж-а көп клеткалуу, клеткасыз, о. эле жөнөкөй жипче же пластинкалардан турган татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр. Океан, деңиз, көл, агын сууларда 50 миңге, Кырг-нда 1 миңге жакын түрү - хара, диатом ж. б. бар. Айрым түрлөрү нымдуу топуракта да кездешет. Алар жыныстык, жыныссыз, вегетативдик жол м-н көбөйөт. Өз денесинде орг. заттарды пайда кылып, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Балык ж. б. суу жаныбарларына тоют, о. эле жерсемирткич катары колдонулат. Көпчүлүгүнөн йод, калий туздары, целлюлоза, спирт, уксус к-тасы ж. б. алынат. Айрымдары тамак катары да пайдаланылат.