БАЛЬЗАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛЬЗАК Оноре де (20. 5. 1799, Тур - 18. 8. 1850, Париж) - француз жазуучусу. Вандом кол­лежинде, Парижде укуктаануу мектебинде оку­ган. Жаш кезинде философияга өтө кызыккан.
Француз агартуучуларынын материализми Б-ка күчтүү таасирин тийгизген. Саясий көзкарашы б-ча ал легити­мист болгон. 1822-25-ж. түрдүү псевдонимдер м-н 8 роман жарыялаган. «Чиги­рим булгаары» (1830) рома­нын чыг-лык ишинин баш­талышы деп санаган. 1829- жылдан жалпы мазмуну, каармандары бири-бири м-н байланышкан 90 чыгармадан - роман, аңгемеден турган «Адам комедиясы» эпопеясын жаза баштаган, а. и. ро­мандары: «Белгисиз шедевр» (1831), «Евгения Гранде» (1833), «Горио ата» (1834-35), «Цезарь Биротто» (1837), «Унутулган кыялдар» (1837-

43), «Кузина Бетта» (1846). Бул эпопеясында 1816-46-ж. француз коомун кеңири камтып, анын карама-каршылыктарын, саясий, экон., моралдык турум-турпатын, адеп-ахлакты реа­листтик мүнөздө ачып берген. Жеке адамдын коом м-н тарыхка багынычтуулугу, коомдун өкүлдөрүнүн идеалдары, жашоо принциптери «Гобсек» (1830), «Нусингендин банк үйү» (1838), «Дыйкандар» (1844) өңдүү ири чыгармаларында ашкереленген, ал түрдүү мүнөздөгү классикалык образдардын бүтүндөй бир галереясын түзгөн. «Бальзак француздарды 5 миң кишиге көбөйттү» деген афоризм да ушундан улам чыккан. Анын чыгармалары дүйнөлүк көркөм өнүгүшкө зор таа­сир тийгизген. Мис., А. С. Пушкин, В. Г. Белинский, А. И. Герцен, И. А. Тургенев, Л. Н. Толстой, айрыкча Ф. М. Достоевский м-н М. Горький анын чыг-лык мектебинен өткөн. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.