БАЛЬЗАМДАР: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛЬЗАМДАР (гр. Ьаізатоп - жыттуу чайыр) - өсүмдүктөн алынган орг. бирикмелердин аралашмасы. Негизинен монотерпендүү учма бирикмелерден (эфир майларынан), чайыр ж-а анда эрүүчү жыпар жыттуу бирикмелерден (ванилин, бензой к-тасы ж-а алардын татаал эфирлери, альдегиддер, кетондор, спирттер) турат. Сууда иш жүзүндө эрибейт, орг. эриткичте эрийт. Б. өзгөчө жыттуу, өткүр, даамы ачуу, илээшме суюктук; абада эфир майларынын бууланышына ж-а окистенишине жараша катууланат. Тропик ж-а субтропикте, чанда түн. же мелүүн алкакта өсүүчү жыгач өсүмдүктөрдө пайда болот. Ал кадимки зат алмашуу продуктусу катары же сөңгөк жабыркаганда бөлүнүп чыгат. Негизинен кабыктын клетка аралык боштугунда, кээде жалбыракта ж-а жаш жыгачта чогулат. Б. - канифолду, лак ж. б. даярдоо үчүн сырье; парфюмерияда, косметикада ж-а дары заттарды алууда колдонулат. Ийне жалбырактуу дарактардан алынат. Жасалма Б. эфир майларынын спирттеги эритмеси, чөптөрдүн тундурмасы болуп эсептелет. Табигый Б-дын аналогу синтезделип алынган, мис., поливинилбутил эфири (винилин) же Шостаковский бальзамы жараатты дарылоодо пайдаланылат.