БАЛЬНЕОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЛЬНЕОЛОГИЯ (лат. Ьаіпеит - киринүү ж-а
...логия) - медицинанын минералдуу суулардын пайда болушун, физ.-хим. касиетин, ооруну дарылоо ж-а алдыналуу максатында аларды колдонуу ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү. Б-нын бальнеотехника, бальнеотерапия ж. б. тармактары бар. Минералдуу сууларда түрдүү туздар, газдар, радиоактивдүү ж. б. заттар болгондуктан, алардын дарылык таасири ар түрдүү, анткени алардын дарылык касиети хим., темп-ралык ж-а мех. факторлоруна байланыштуу болот. Минералдуу суулар ваннага, душ, бассейнге түшүү, ичүү, кээ бир органдарды «сугаруу», ооз, тишти чайкоо, ингаляция ж. б. түрүндө колдонулат. Минералдуу суулар жүрөк-кан тамыр, нерв, боор, ичеги-карын, аялдын жыныс ооруларында, тери оорусунда кеңири пайдаланылат. Анткени, минералдуу суунун таасиринен кан м-н лимфанын кыймылы тездейт, зат алмашуу күчөйт, ички бездердин иштеши, маңыз чыгаруусу жакшырат. Минералдуу сууну колдонуу врачтын көзөмөлүндө болушу зарыл.