БАЛЬНЕОТЕРАПИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЛЬНЕОТЕРАПИЯ - табигый ж-а жасалма жол м-н даярдалган минералдуу сууларды оору­луунун денесин чыңдоо максатында пайдалануу ыкмасы. Б-да минералдуу сууларга түшүү (ванна, душ, бассейн, туздуу көл ж. б.) ж-а ичүү, органдарды «сугаруу», оозду чайкоо, ингаляция, карын ж-а ичегилерди жууш үчүн сунуш кылы­нат. Минералдуу суу ванналары жүрөк-канта­мырдын ж-а нерв системасынын ишин, организм­деги зат алмашууну, ички бездердин иштешин жакшыртат. Жалпы ж-а жерг. ванна жүрөк-кан тамыр, муундардын, нерв системасынын, гинеко­логиялык ж. б. ооруларды дарылоо үчүн пайда­ланылат. Минералдуу сууну ичкенде ооз көңдө­йүнүн, карындын былжыр челинин рецепторло­руна түздөн-түз таасир этип, карын секрециясын нормалдаштырат. Минералдуу суулардын кээ бирлери өттүн пайда болушун ж-а алардын боор­дон бөлүнүп чыгышын тездетип, организмде зат алмашууну жакшыртат. Б-ны врач сунуш кылат.