БАМБУК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАМБУК (ВатЬиза) - дан өсүмдүктөр тукуму­нун уруусундагы дайыма жашыл бир же көп жылдык өсүмдүк. Жыгачка айланган сөңгөгүнүн бийикт. 35 м дей, муунактуу, жогору жагы бу­тактуу. Жалбырагы тасма сымал, ичке, жал­бырак сабы кыска. Топгүлү шыпыргы, кош жы­ныстуу; мөмөсү - данча. Б. чанда (10-12 жыл­да) жыш гүлдөп, мөмө байлагандан кийин куу­райт. Өтө тез өсөт (суткасына 0,75 м). Анын 80дей түрү негизинен Чыгыш ж-а Түш. Азияда өсөт. Көгүлтүр Б. көбүнчө саябакта (паркта), бакта кооздук үчүн өстүрүлөт. Кадимки ж-а камыш Б. - баалуу курулуш материалы. Саза уруу­сунун бир нече түрү КМШ өлкөлөрүндө, Курил ж-а Сахалин а-нда жапайы өсөт. Жаш өркүнү тамак-ашка кошулат. Индияда ж. б. бир катар өлкөлөрдө целлюлоза-кагаз өнөржайына сырьё катары пайдаланылат.