БАНГИ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАНГИ - Борбордук Африка Респ-нын борбор шаары. Өзүнчө адм. бирдикти түзөт. Калкы 542,4 миң (2005); Борбордук Африка Респ-нын шаар калкынын 40% жашайт. Өлкөнүн түштүгүндө, Убанги д-нын оң жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Дарыя порту (Борбордук Африка Респ-нын сырткы соодасын ж-а бир аз Чад Респ-н тейлейт). 1989-ж. Франция форту катары негизделген. 1914-58-ж. Франциянын колониясы Убанги- Шаринин адм. борбору. 1958-жылдан Автономиялык Республика (Франция коомунун курамында), 1960-жылдан көзкаранды эмес мамлекеттин борбору. Борб. бөлүгүндө өкмөттүн ж-а адм., соода мекемелери, батышында соода кварталдары, түштүгүндө өнөржай аймактары жайгашкан. Мурдагы Франция фортунун калдыктары, Кудай Эне собору (19-к-дын аягы - 20-кдын башы) сакталган. Улуттук крайтаануу (1964), өлкөнүн өткөндөгү тарыхы, эстелиги, турмуш-тиричилик буюмдары, муз. аспаптар музейлери, Улуттук иск-во ж-а кол өнөрчүлүк борбору (1975), ун-т (1969), 6 ин-т (а. и. политех., а. ч.), ил.-из. борборлору (Пастер атн., 1961, ж. б.) иштейт. Тамак-аш, жыгаччылык, жеңил (а. и. кебез-кездеме комбинаты), металл иштетүү, тамеки, самын кайнатуу өнөржайлары бар. Мотоцикл ж-а велосипед чогултулат.