БАКА ЖАЛБЫРАК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
(Айырма жок)

03:31, 31 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАКАЖАЛБЫРАК (Ріапіадо) - өсүмдүктөрдүн бакажалбырактар тукумундагы уруусу. 260 түрү бар. Түн. ж-а Түш. жарым шарлардын мээлүүн алкагында таралган, кээ бир түрлөрү гана тро­пикте кездешет. Көпчүлүгү көп жылдык чөп, бир жылдыгы да бар, мис., лузитан Б-ы же коён жалбырагы Батыш Жер Ортолук деңиз жээгин­де, Батыш Азияда ж-а Түш. Америкада тарал ган. Түн. Африка чөлдөрүндө өзгөчө бадал - мав ритан Б. өсөт. Кырг-нда өскөн 10 түрү чөп, тамы­ры чачы ж-а өзөк. Жал­бырагы кезектешип жайгашат. Айрымдары­нын сабагы кыска, жер­ден араң чыгып турат.
Тамыр жалбырагы жа­зы, жарыш тарамыш­туу, узун саптуу. Гүлү майда, көрксүз, жа­шыл, топгүлү - башча же машак. Мөмөсү - ку­туча же жаңгакча. Жол жээгинде, шалбаада,

кумдак жерде, боздоңдо өсөт. Маңызынын ж-а уругунун дарылык касиети бар. Кырг-ндын бар дык өрөөндөрүндө, тоолорунда жолугат. К. Т. Шалпыков.